Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:04

Орусияда бир күндө коронавирустан өлгөндөр биринчи жолу миңден ашты


Москва шаары.
Москва шаары.

Орусияда акыркы бир суткада коронавирус инфекциясынан 1002 адам көз жумду. Бул пандемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч. Бир күн мурда өлгөндөр 999 адам болгон.

Пандемия башталгандан бери каза тапкандардын жалпы расмий саны 222 315 адамга жетти. Көз карандысыз демографтар Орусияда коронавирустан өлгөндөр расмий сандан үч эсе көп болушу мүмкүн экенин айтып келет.

Орусияда акыркы бир күндө COVID-19 жуктуруп алгандардын саны 33208 адам болду. Ал эми вирус жуктургандардын жалпы саны 8 миллионго жакындады.

12-октябрда премьер-министр Михаил Мишустин өлкө калкынын үчтөн бири, атап айтканда 43 миллиондой адам эмделгенин билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG