Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:45

Балдар арасында сасык тумоо күчөдү


Бишкек шаары. Иллюстрация.
Бишкек шаары. Иллюстрация.

Кыргызстанда акыркы бир жумада сасык тумоо менен ооруган беш миңге чукул киши катталды. Алардын 94 пайызы 14 жашка чыга элек балдар. Адистер декабрга чейин сасык тумоо дагы күчөйт деп болжоп жатат.

Акыркы суткаларда Бишкектеги Медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасына кайрылгандар 400гө чукулдап барган. Расмий эсеп боюнча, азыр Кыргызстандагы ар бир 100 миң адамдын 76сы тумоолоп жатат. Адистер бул мурдагы жылдардагыдай эле көрүнүш экенин айтууда.

Оорулардын алдын алуу боюнча мамлекеттик санитардык көзөмөл департаменти жылына күз, кыш мезгилинде өлкөдө курч респиратордук жугуштуу оорулар күчөп кетерин кабарлайт. Октябрь айынын ортосунан тарта өлкөдө сасык тумоо оорусу күч алат.

2020-жылы бул жугуштуу инфекция декабрь айында күчөгөн. Ал эми быйыл 11-октябрдан тарта эле ооругандар былтыркыга салыштырмалуу 2,4 эсеге көп, 4 974 учур катталды. Инфекция жуккандардын дээрлик 94 пайызы 14 жашка чыга элек балдар болууда.

Бишкектин тургуну Магира Нурланованын эки баласы тең азыркы тапта жөтөлүп, сасык тумоолоп жатат. Аларга кошулуп үйдөгү чоңдорго да инфекция жуккан.

"Үйдөн биринчи 11 жаштагы сиңдим ооруду. Алгач эле дене табы көтөрүлүп, жөтөлүп баштады. Шалдырап, алы кетип жатты. Андан кийин эле тумоо кызыма жукту. Бул дагы карсылдап жөтөлүп, анан мурду агып жатат. Дене табы үч күндөн бери бир ылдый түшөт, кайра көтөрүлөт, алы жок шалдырап жатат. Азыр кичине жакшы болуп калды, эки күн бою дене табы түшпөй, аз-маз түшүп баратса эле кайра көтөрүлүп жатты. Кызымдын ооруганына баш-аягы бир аптадай болуп калды окшойт. Эми бүгүн уулума сасык тумоо жугуптур. Быйылкы сасык тумоо өзгөчө болуп жатат".

Балдар ооруканасында орун жок

Бишкектеги Медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын дарыгери Жамийла Анакееванын айтымында, акыркы бир нече суткада тумоолоп дарыгерлерге кайрылган балдар өтө эле көп. Алардын айрымдарынын дене табы 40 градуска чейин жетип, арасында эсинен тангандар бар.

"Спутник" агенттигиндеги басма сөз жыйынында Анакеева балдар арасындагы сасык тумоо тууралуу маалымат берди.

"Мурда балдар дарыгерлерине бир суткада 200гө чейин адам кайрылса, азыр айрым учурда ооруп келген балдардын саны 370-400гө чейин жетип жатат. Күн-түн дебей келишүүдө. Бул күзгү, кышкы сасык тумоонун күчөшүнө байланыштуу болсо керек деп божомолдоп жатабыз. Клиникалык жактан дарыгерлер азыр сасык тумоонун вирусу жайылып жатат дешүүдө. Балдардын көбүнүн дене табы 40-41 градуска жетип, көбү эсинен танып калган учурлар болууда. Мындай курч мүнөздөгү сасык тумоону дарылоо өтө татаал. Ушундан улам ата-энелер аябай кабатыр болуп, ооруканага барууга мажбур."

Дарыгер ошондой эле, Бишкектеги балдар ооруканаларында педиатрлар, орундар жетишсиз болгондуктан, балдар толук айыгып чыга электе эле үйүнө чыгарууга мажбур болуп жатышканын кабарлады.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мурда жугуштуу ооруларды дарылаган Бишкектеги жугуштуу оорулардын клиникасы азыр COVID-19 вирусун жуктургандарды эле кабыл алат. Ал эми башка инфекциялык ооруга чалдыккандар Бишкектеги Медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасы менен Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна барышууда.

"Санитардык эрежелер унутулуп, дарылар чаржайыт сатылууда"

Кыргыз-орус славян университетинин медицина факультетиндеги педиатрия боюнча окумуштуу Калыбек Мыкыев баш калаада калктын көптүгү, мектеп, бала бакча тартыштыгы жана коомдук транспорттогу тыгын күз келгендеги курч инфекцияларды күчөтүп жатканын айтып, аны дарылоодо антибиотиктерди чар жайыт колдонуудан этият болууга чакырды.

"Азыр эми мектептер ачылды, шаардагы маршруткалар жык толгон. Маршрутканын ичинде эч кандай санитардык режим сакталбай, эл беткап кийгенди унутту. Вирустардын баары аралашып эле калды окшойт. Дары деген аптекаларда азык-түлүк саткандай эле сатылып жатат. Ким эмнени кааласа алат. Азыркы тапта эл дарыгерлерди укпай калды. Догдурга көрүнбөй, интернет аркылуу эле баласын дарылагандар көбөйдү. Албетте, анан вирустун оор кесепети болот да. Вирусту так аныктоо үчүн сөзсүз адиске кайрылуу зарыл. Себеби, сасык тумоонун өтө көр түрү бар. Балким, бала ангина болуп ооруп жаткандыр, же коронавирус жуктубу, адис эмес адам кайдан билет? Анан көзөмөлсүз дары, антибиотик берип башташат. Вирус болгон адамга антибиотик дароо берүү туура эмес экенин былтыр пандемия күчөгөндө көрдүк го. Бардык дары-дармек адистин гана көрсөтмөсү менен берилиши керек".

"Оорунун алдын алуунун жолу - вакцина"

Балдардагы жана чоңдордогу сасык тумоонун алдын алуу үчүн дарыгерлер гигиеналык эрежелерди сактоону, бет кап кийип жүрүүнү, эл көп чогулган жерлерге барбай, сасык тумоо менен коронавируска каршы эмделүүнү сунуштайт.

Кыргызстан Орусиянын "Гриппол +" вакцинасынын 134 миң дозасын сатып алган. Ушул күндөрү бюджеттин эсебинен алынган вакциналар менен тобокел топтогу адамдар сасык тумоого каршы акысыз эмделүүдө. Алар өнөкөт оорусу барлар, тез-тез суук тийип, ооруган балдар, балдар үйүнүн тарбиялануучулары, жатак мектептерде билим алгандар, медициналык кызматкерлер.

Мындан тышкары Бишкектеги айрым менчик клиникаларда сасык тумоого каршы 450 сомдон 700 сомго чейин эмдөө жүрүп жатат.

Оорулардын алдын алуу боюнча мамлекеттик санитардык көзөмөл департаментинин жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө бөлүмүнүн жетекчиси Динара Оторбаева эмдөө тууралуу буларга токтолду:

"Азыркы сасык тумоонун опурталдуу жагы ичеги-карын сезгенүүсү кошо кошулуп, бала кусуп, ичи өтүп кыйналышы мүмкүн. Биз оорунун алдын алыш үчүн эмделүүнү сунуштап жатабыз. Сасык тумоого каршы эмдөө жүрүп жатканына 80 жылдан ашты. Бул вакцина вирус жукканда адамдын ден соолугуна оор тасир этүүсүнөн жана өлүмдөн сактайт. Айрымдар "сасык тумоого каршы эмделсем эле бүттү, таптакыр оорубашым керек" деп ойлоп алат экен. Жок, вирус кадимкидей эле жугушу мүмкүн. Ошентсе да вакцинанын таасири менен жеңил өтөт, медицинага да күч келбейт, адам өзү да кыйналбайт. Биз калкка биринчи кезекте ушул күзгү, кышкы сасык тумоодон коргонуу жолу катары эмделүүнү сунуштап жатабыз".

Былтыр дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму грипп, сасык тумоодон оорусу өтүшүп кетип каза болгондор менен коронавирустун курмандыктарынын эсебин салыштырган. Натыйжада, коронавирустан көз жумгандар сасык тумоого салыштырмалуу 2,4%ке көп болгон. Анткен менен эки оорунун тең жугуу жолдору бирдей, аба аркылуу адамдан чыккан суюктуктан, көбүнчө шилекейден жугат.

Дарыгерлер ар бир адамды "респиратордук тазалыкка" чакырып, чүчкүрүп, мурду акса бет кап тагынып, сасык тумоо жукса 5-7 күн дарыгердин көзөмөлүндө дарыланууну сунуштап келишет.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG