Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:41

Садыр Жапаров жетекчилердин кармалышын коррупцияга каршы аёосуз күрөш деп сыпаттады


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Президент Садыр Жапаров мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жемкорлукка шек саналып кармалышын коррупцияга каршы аёосуз күрөштүн жыйынтыгы деп атады. Мындай пикирин 21-октябрда Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана айыл өкмөт башчыларынын республикалык кеңешмесинде айтты.

Жапаров өз пикирин Мамлекеттик чек ара кызматынын жектекчи кызматында иштегендердин, президенттик администрациянын ырайым кылуу боюнча комиссиясынын жооптуу катчысынын кармалышы менен негиздеди. Ал бир жыл аралыгында коррупцияга каршы күрөштөн бюджетке 7,5 миллиард сом түшкөнүн билдирди.

Бир күн мурун Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) алдындагы Мамлекеттик чек ара кызматынын бир катар жетекчилери паракорлукка шек саналып кармалган. 18-октябрда президенттик админстрациянын өкүлү 170 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалганы кабарланган.

Жемкорлуктун деңгээлин изилдеген Transparency International эл аралык уюмунун 2020-жыл боюнча рейтингинде Кыргызстан 100 баллдын 31ин алган. Бул тизмеде балл канчалык аз болсо, жемкорлук деңгээли ошончолук жогору. 2015-жылы Кыргызстандыкы 28 балл болчу.

XS
SM
MD
LG