Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:57

Өзбекстан: шайлоочулардын 71,8% добуш берди


Шавкат Мирзиёев.
Шавкат Мирзиёев.

Өзбекстанда жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат 8де добуш берүү аяктаганын Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

АКШда жана Европа өлкөлөрүндө жашаган өзбек жарандары үчүн добуш берүү уланууда.

Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы 25-октябрда белгилүү болот.

Борбордук шайлоо комиссиясы кечки саат 5ке карай добуш берген жарандардын саны 71,8% жеткенин билдирди.

БШКнын төрагасынын орун басары Бахрам Кочкоров брифингде билдиргендей, 14 млн. 258 миң 780 адам добуш берди. Жалпысынан 20 млн. жакын шайлоочу катталган.

Коңшу өлкөдө 10 миң 760 шайлоо тилкелери ачылды. Ал эми чет өлкөдө 100дөй шайлоо тилкеси иштеп жатат. Жалпысынан 37 өлкөдө добушканалар ачылды. Анын ичинде Орусиянын алты жеринде, Москвадагы элчиликте өзбек жарандары добуш беришти. Кыргызстанда дагы алты добушкана ачылды. Анын төртөө Ош шаарында, бири Жалал-Абад шаарында, дагы бири Бишкекте.

"Азаттыктын" өзбек кызматы Москвада добуш бергендерге ысык тамак берилгенин жазды.

Атаандаштык жок өтүп жаткан шайлоодо 64 жаштагы азыркы президент Шавкат Мирзиёев экинчи мөөнөткө шайланып келери күтүлүүдө. Көптөгөн саясий серепчилер, журналисттер жана укук коргоочулар Өзбекстандагы шайлоону атаандаштыкта өттү деп айтууга болбойт деп эсептешет.

Шавкат Мирзиёев 2003-жылдан 2016-жылга чейин премьер-министр болгон. Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун учурунда 13 жыл өкмөттү жетектеген жана ал каза болгондон кийин президенттин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. 2016-жылы президент болуп шайланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG