Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:18

Пакистан: Исламчыл партия өкмөт менен сүйлөшкөндөн кийин жүрүштү токтотту


«Техрик-и-Лаббайк Пакистан» партиясынын жактоочулары Лахордогу жүрүштө.
«Техрик-и-Лаббайк Пакистан» партиясынын жактоочулары Лахордогу жүрүштө.

24-октябрда Пакистандын ашынган исламчыл партиясы өлкө бийлиги менен макулдашкан соң нааразылык жүрүштү үч күнгө токтотту.

«Техрик-и-Лаббайк Пакистан» партиясынын лидери Саад Ризви 2020-жылы Францияда Мухаммед пайгамдарды шакабалаган сүрөт жарыялангандан кийин тутанган нааразылык акциясында кармалган.

Ризвиге элди мыйзамсыз көчөгө чыгарган деген айып тагылган. Азырынча ал качан эркиндикке чыгары белгисиз. 22-октярбда партиянын жактоочулары Лахор шаарынан Исламабадды көздөй жөө жүрүшкө аттанып жатканда полиция менен кагылышкан. Алардын мүдөөсү баш калаага жетип, бийликке басым жасап, Ризвинин камактан бошотуу болгон.

Полиция кагылышууда кеминде эки кызматкери курман болуп, ондогон киши жараат алганын билдирди. Демонстранттар полициянын бир нече машинесин өрттөп жиберишкен.

«Техрик-и-Лабиак Пакистан» партиясы полициянын колунан бир нече тарапкери өлгөнүн, «көптөгөн» киши жарадар экенин маалымдады.

24-октябрда Пенжаб провинциясынын юстиция министри Ража Башарат бийлик Ризвиге тагылган айыпты алып саларын жана эки күндүк жүрүштө кармалгандардын баарын 26-октябрга чейин бошоторун жарыялады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG