Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:31

Гросси: Ирандын өзөктүк программасына мониторингди чектегени кооптондурат


МАГАТЭнин директору Рафаэл Гросси менен Ирандын Атомдук энергия боюнча агенттигинин директору Мухаммед Эслами. 12-cентябрь, 2021-жыл.
МАГАТЭнин директору Рафаэл Гросси менен Ирандын Атомдук энергия боюнча агенттигинин директору Мухаммед Эслами. 12-cентябрь, 2021-жыл.

Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) жетекчиси Рафаэл Гросси Ирандын өзөктүк программасына мониторинг жасоону чектөө эл аралык коомчулуктун кооптонуусун жаратып жатканын айтты.

Анын билдирүүсүндө айтылгандай, 2015-жылы жетишилген макулдашууга кол койгон дүйнөлүк алты держава Ирандын өзөктүк программасы тууралуу “айкын картина” ала албай жатат.

Ушул тапта Вашингтон шаарында иш сапар менен жүргөн Гросси 23-сентябрда NBC телеканалына берген интервью берген учурда Тегеранды макулдашуунун шарттарын аткарууга үндөдү.

Быйыл жыл башында Иран МАГАТЭнин инспекторлоруна өзөктүк жайларында алдын ала пландалбаган текшерүүлөрдү жүргүзүүгө уруксат берүүнү токтоткон.

Сентябрда Гросси Тегеранга барып, Ирандын тийиштүү жетекчилери менен жолугушкан. Андан соң Иран МАГАТЭнин миссиясына Тегерандын сыртындагы ишканадан башка ядролук жайларындагы камераларга кирип, мониторинг жасоого уруксат бергени кабарланган.

Иран жана дүйнөдөгү ири алты держава кошулган өзөктүк макулдашуунун шарттарын аткаруу токтоп турат. Келишимге ылайык, Иран өзөктүк программасын чектейт, ага жооп катары АКШ Тегерендан экономикалык санкциялардын көбүн алып салмак. Документтен Кошмо Штаттар 2018-жылы чыгып кеткен, аны кайра калыбына келтирүү аракетинен майнап чыкпай келет.

МАГАТЭ ушул айдын башындагы отчетунда Иран өзөктүк курал үчүн керектелчү жогорку сапаттагы уранды байытып жатканы белгиленген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG