Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:36

Пикассонун чыгармалары 109 миллион долларга сатылды


“Эркек киши менен бала” (оңдо). Лас Вегастагы аукцион алдында, 23-октябрь 2021-жыл
“Эркек киши менен бала” (оңдо). Лас Вегастагы аукцион алдында, 23-октябрь 2021-жыл

Пабло Пикассо тарткан 12 картина дээрлик 109 миллион долларга сатылды. 23-октябрда Лас Вегастагы аукциондо "Кызыл-саргылт берет кийген аял" (Femme au Beret Rouge-Orange) деген шедеври адегенде 20 миллионго бааланып, дээрлик 40 жарым миллион долларга кетти.

1938-жылы жаралган сүрөттө Пикассонун көп жылдардан берки музасы Мари-Тереза Валтер тартылган. Картинаны буга чейин 1980-жылы казино магнаты 900 миң долларга сатып алган экен.

Лас Вегастагы сатыкка ошондой эле кыл калем чеберинин 1959-жылы тартылган “Эркек киши менен бала” деген картинасы коюлган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG