Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:10

Канат Исаев "Кыргызстан" партиясынын лидерлигинен кетти


Канат Исаев.
Канат Исаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев "Кыргызстан" партиясынын лидерлигинен кетти. Бул тууралуу аталган партиядан "Азаттыкка" тастыкташты.

Чечим партиянын съездинде кабыл алынган. "Кыргызстан" партиясынын жаңы лидери болуп "Аю холдингдин" вице-презденти Нурлан Абдыразаков шайланган.

Канат Исаев партия жетекчилигинин алмашуусу тууралуу комментарий берген жок.

Ал парламенттик шайлоого бир мандаттуу №31 Чүй-Кемин шайлоо округунан талапкер катары бара жатат.

"Кыргызстан" партиясынын негиздөөчүсү "Аю холдингдин" кожоюну Шаршенбек Абдыкеримов бир мандаттуу №33 Нарын шайлоо округунан талапкер болуп катталган. Абдыкеримовдун талапкерлигин "Кыргызстан" партиясы көрсөткөн.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Бул жолу парламентке 90 депутат келет. Анын 54ү партиялык система менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG