Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:44

Орусия: коронавирус бир суткада 1160 адамдын өмүрүн алды


Орусиядагы коронавируска чалдыккандарды дарылаган оорукананын медиктери. Волжский шаары. 25-октябрь, 2021-жыл.
Орусиядагы коронавируска чалдыккандарды дарылаган оорукананын медиктери. Волжский шаары. 25-октябрь, 2021-жыл.

28-октябрда Орусияда коронавирустан соңку бир суткада 1159 адам каза болду. Илдетке жаңы чалдыккандардын саны 40 миңден ашты.

Өлкө коронавирустан көз жумгандардын саны боюнча дүйнөдө АКШ, Бразилия, Индиядан кийинки эле төртүнчү орунга чыкты. Расмий статистикага ылайык, Орусияда пандемия башталгандан бери COVID-19 235 миң кишинин өмүрүн алды.

Москвада 28-октябрдан баштап карантин чаралары күчөтүлүп, дарыкана жана азык-түлүк дүкөндөрүнөн башка бардык мекеме-жайлар жабылды. Ноябрь айынын алгачкы аптасында Орусияда «дем алыш» жарыяланган.

Украинада дагы коронавируска чалдыккандардын саны соңку бир суткада жогорку чекке жетип, 26 миңден ашканын Саламаттык сактоо министрлиги 26-октябрда билдирди. Инфекция бир күндө 576 адамдын өмүрүн алды.

Соңку апталарда Европанын чыгышында да коронавируска чалдыккандардын жана андан өлгөндөрдүн саны кескин жогорулады. Бийлик муну эмделбегендерден көрүп жатат.

Орус президенти Владимир Путин вакцина алгандарга эки күндүк эс алуу мөөнөтүн берүүнү тапшырган.

XS
SM
MD
LG