Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:45

Беларуста "Настоящее время", "Немис толкуну" телеканалдарынын сайттары ачылбай калды


"Настоящее время" телеканалынын микрофону менен камерасы. 25-февраль, 2018-жыл. Москва.
"Настоящее время" телеканалынын микрофону менен камерасы. 25-февраль, 2018-жыл. Москва.

Беларустун Маалымат министрлигинин чечими менен өлкө аймагында "Настоящее время" телеканалынын сайты ачылбай калды.

28-октябрда окурмандар сайт ачылбай калганын кабарлашкан.

"Настоящее Время" Беларустагы маалыматты тактап, себебин түшүндүрүп берүүсүн сурап Интернет провайдерлерге кайрылды. Ушул тапта телеканалдын сайтына VPN аркылуу кирип, жаңылыктарын социалдык тармактар аркылуу окуп турса болот.

Ошондой эле, германиялык "Немис толкуну" медиакомпаниянын сайты ачылбай калганы кабарланды.

Беларуста былтыртан бери журналисттерге жана медиагенттиктерге каршы куугунтук күч алды. Жыл башынан бери редакцияларда жана журналисттердин батирлеринде жүздөн ашуун тинтүү жүргөн.

Өлкөдө TUT.BY порталы, "Наша Нiва" интернет-басылмасы, "Азаттык" радиосунун беларус кызматы жана башка ондогон агенттиктер жабылган. Александр Лукашенконун режимин сындаган ондогон журналисттер камакта, көбү куугунтуктан улам Беларустан чыгып кетүүгө аргасыз болушту.

Ушул тапта Беларуста 28 журналист камакта.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG