Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:20

Бишкек-Торугарт жолунда автоунаа кыймылына чектөө киргизилет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы кабарлагандай, Боом капчыгайында 1-ноябрдан 5-ноябрга чейин атайын таш кулатылат. Бул үчүн тиешелүү күчтөр жана техникалар тартылды. Кырсыктарды алдын алуу максатында ушул күндөрү саат 9:00дөн 15:00гө чейин автоунаа жолу маал-маалы менен жабылат.

Жолдогу чектөөгө ИИМдин Кайгуул-күзөт башкармалыгынын кызматкерлери көзөмөл кылат. Жолду тазалоо учурунда жолдун бир багыттуу тилкеси гана ачык болот. 30-40тан ашык унаа топтолгон учурда таштарды түшүрүү иштери токтоп, унааларды өткөрүүгө уруксат берилет.

Бул иштер таш кулоо коркунучун алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG