Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:09

Стамбулда Түрк кеңешинин билим берүү министрлери чогулду


Түрк кеңешинин жыйыны. Стамбул шаары.
Түрк кеңешинин жыйыны. Стамбул шаары.

3-ноябрда Түркиянын Стамбул шаарында өткөн Түрк кеңешинин кезектеги 8-жыйынына түрк тилдүү мамлекеттердин билим берүү министрлери жана кызматкерлери катышты.

Кыргызстандын делегациясын билим берүү министри Болотбек Купешов жетектеп барды.

Иш-чараны Түрк Кеңешинин Башкы катчысынын орун басары Султан Раев, Кеңештин долбоорлор директору Жылдыз Узакова жана Түркиянын Билим берүү министрлигинин өкүлү Буржу Эйисой Далкыран уюштурду.

Жыйында Орхун алмашуу программасы, 2022-жылы өтө турган Түрк университеттер биримдигинин экинчи спартакиадасы боюнча маселелер каралды.

Иш-чаранын катышуучулары Түрк академиясына тиешелүү маселелерди, анын ичинде 15-кылымга чейинки мезгилдеги жалпы түрк тарыхы окуу китебинин, география, адабият боюнча жалпы окуу китептеринин учурдагы абалын талкуулашты.

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгын тереңдетүү максатын көздөгөн Түрк кеңеши 2009-жылы негизделген. (ElB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG