Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:11

Жалал-Абадда дүйнө чемпионун салтанаттуу тосуп алышты


Байге ээлерин тосуп алууга келген эл.
Байге ээлерин тосуп алууга келген эл.

Бүгүн, 4-ноябрда Жалал-Абад шаарында Белбоо күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатында байгелүү орундарды ээлеген спортчуларды салтанаттуу тосуп алышты. 28-31-октябрь күндөрү Татарстандын Казан шаарында өткөн Дүйнө чемпионатында жалалабаддык спортчулар бир алтын, эки коло медалга ээ болушкан. 75 килограмм салмакта милициянын старшинасы Ирлан Казбек уулу дүйнө чемпиону болду. Ал эми 82 килограмм салмакта Исхак Раззаков атындагы спорт мектебинин тарбиялануучусу Элдияр Сексенбаев жана 70 килограмм салмакта Адилет Кубатбек уулу 2-орунду багындырышкан.

Спортчуларды тосуп алуу аземине жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, машыктыруучулар, спортчулардын кесиптештери жана жакын туугандары катышты. Иш-чара учурунда спортчулардын ийгиликтери облус үчүн чоң жетишкендик экендиги белгиленди. Аларга мындан ары да жогорку ийгиликтерди багындыруу тилектери айтылып, сыйлыктар тапшырылды.

Бел боо күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатына 36 мамлекеттен 200дөн ашуун балбандар катышты. Чемпионатта эркектер арасында эркин жана классикалык стилде тогуз салмакта жана кыз-келиндер арасында эркин стилде беш салмакта байгелер ойнотулду. Кыргызстандан 19 спортчу катышып, үч алтын, төрт күмүш, үч коло байгеге ээ болду. Аларды коштоп барган машыктыруучу Нурбек Кожобековдун "Азаттыкка" билдиргенине караганда, алтын байгелерге Бейбарс Анарбек уулу (57 кг., эркин стилде), Ирлан Казбек уулу (75 кг., эркин стилде), Бектурган Кожомуратов (90 кг., эркин стилде), күмүш байгелерге Адилет Кубатбек уулу (68 кг., эркин стилде), Азизхан Мусабек уулу (82 кг., эркин стилде), Дооронбек Сапанов (62 кг., классика) Элдар Сексенбаев (82 кг., классика), коло байгелерге Муктарбек Калыбек уулу (120 кг., классикалык стилде), Айжан Анарбекова (76 кг. ) жана Элзада Момунжанова (52 кг.) ээ болду.

Кыргызстандык делегациянын курамына жалпы 22 адам кирген. Курамда спортчулар жана алардын машыктыруучусунан сырткары эки калыс бар. (ТВ)

XS
SM
MD
LG