Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:03

Ысык-Көлдө УКМК кызматкерлери үйлүү болду


УКМК кызматкерлери үчүн кызматтык үйдү пайдаланууга берип жаткан учур.
УКМК кызматкерлери үчүн кызматтык үйдү пайдаланууга берип жаткан учур.

Ысык-Көлдө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери үчүн кызматтык үйдүн курулушу аяктады.

Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматы кабарлады.

Расмий маалыматка караганда, Ысык-Көл районундагы Чолпон-Ата шаарында төрт батирлүү үйлөр 4-ноябрда пайдаланууга берилди. Ачкыч тапшыруу аземине УКМК башчысы Камчыбек Ташиев, президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоев жана атайын кызматтын өкүлдөрү менен ардагерлери катышты.

УКМК Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылында төрт батирлүү кызматтык үйүнүн курулушу аяктап, 3-ноябрда пайдаланууга берилгенин билдирген.

Быйыл жайында Жалал-Абад шаарында УКМКнын кызматкерлерине 205 батирлүү үй салына баштаган. Курулуштун пайдубалын түптөөгө атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев катышып, “имарат чоң саясаттын негизинде шериктердин жардамы менен салынып жатканын" айткан.

Февралда УКМК кызматкерлерине Бишкек шаарына турак жай салуу үчүн 580 миллион 935 миң сомго сынак жарыяланган. Буга чейин баш калаада, Ошто жана Караколдо атайын кызматта иштегендерге үй салынган. Эл арасында күч кызматкерлерине гана үй салынып, дарыгер, мугалим, маданият ишмерлерине көңүл бурулбай жатканын сындагандар арбын. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG