Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:17

Жаңы изилдөө: Украинадагы жикчилдердин куралы Орусиядан келген


Лугансктагы Орусия колдогон жикчил күчтөр, 23-март 2021-жыл.
Лугансктагы Орусия колдогон жикчил күчтөр, 23-март 2021-жыл.

Жаңы изилдөө Украинанын чыгышындагы жикчилдер колдонгон ок-дарылардын көбү жана курал-жарактардын дээрлик бардыгы Орусияда чыгарылганын көрсөттү. Берлиндеги "Конфликттердеги куралданууну изилдөө" уюму үч жылга созулган мындай изилдөөсүн 3-ноябрда жарыялады.

Ал үчүн эксперттер куралдуу кагылыш болгон аймактардан алынган миңдеген ок-дарылардын жана 43 курал-жарактын калдыктарын изилдеп чыгышкан. Анын жыйынтыгында жикчилдер колдонгон куралдардын дээрлик баары Орусияда өндүрүлгөнү аныкталган. Арасында Советтер Союзунун тушунда чыгарылган курал-жарактар болгону менен көп бөлүгү биримдик ыдырагандан кийин өндүрүлгөн. Мындан тышкары украин армиясы эч качан колдонбогон гранаталар, мылтыктар жана миналар болгон.

Ошондой эле изилдөөчүлөр Орусияда чыгарылган пилотсуз учуучу аппараттардын калдыктарын да табышкан. Мындан улам уюмдун эксперттери "жикчилдер орус дрондорун Украинада колдонуп жатат" деген тыянакка келишкен. Эл аралык санкцияларга карабастан орусиялык куралдардын айрым бөлүктөрү Британияда, Чехияда, Францияда, Германияда, Испанияда жана АКШда чыгарылганы аныкталган.

Киев менен Батыш өлкөлөрү Орусияны Украинанын чыгышындагы жикчил күчтөрдү курал-жарак менен жабдып жатат деп айыптап келишет. Бирок Москва муну четке кагып жүрөт.

Чыгыш Украинадагы 2014-жылдан бери уланып жаткан уруштан 13 миңден ашуун киши мерт болду.

Орусиянын Донбасска курал жөнөткөнү тууралуу буга чейинки изилдөөлөр ачык булактардагы сүрөт жана видеолорго гана негизделген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG