Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:52

Польша өз аскерлерин беларус күчтөрү коркутканын билдирди


Беларус менен Польшанын чегиндеги поляк коопсуздук кызматкерлери. 14-октябрь, 2021-жыл.
Беларус менен Польшанын чегиндеги поляк коопсуздук кызматкерлери. 14-октябрь, 2021-жыл.

Польшанын чек арасына мыйзамсыз мигранттарды алып келген беларус аскерлери поляк күчтөрүн коркутуп-үркүтүүгө аракет кылды. Бул тууралуу Польшанын Коргоо министрлиги 4-ноябрда билдирди.

"Кечээ чек араны коргогон поляк аскерлерине каршы дагы бир чагым болду. Поляк аскерлери тосмонун жанында 250дөй мигрантты аныкташкан. Аларды кайтарган беларус жоокерлери биздин аскерлерге "ок атабыз" деп коркутушкан", - деп айтылат билдирүүдө.

Польшанын бийлиги беларус тараптын мындай кадамын кырдаалды курчутуу жана мигранттардын поляк жергесине өтүп жатканын жаап-жашыруу аракети катары мүнөздөдү. Беларустун Тышкы иштер министрлиги айыптоолорду четке кагып, чек арада чагым болбогонун маалымдады.

Расмий Брюссел Беларусту дээрлик 27 жылдан бери башкарып келе жаткан Александр Лукашенконун бийлигин "мыйзамсыз мигранттардын Евробиримдиктин аймагына өтүп келишин уюштурууда" деп айыптап жатат. Лукашенко соңку маектеринин биринде мигранттар өз каалоосу менен Европага кетип жатканын айткан.

Брюссел Беларустагы 2020-жылдын август айындагы талаштуу президенттик шайлоодон кийин Минскиге бир топ санкцияларды киргизген болчу.

"Беларус багыты" аркылуу Шенген аймагына өтүп келүүнү көздөгөн мигранттардын арасында Ирактын, Сириянын, Йемендин, Ирандын жарандары бар. Расмий Варшава беларус менен чек арасында өзгөчө кырдаал жарыялап, аймакка кошумча күчтөрдү жөнөткөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG