Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:33

"Ынтымак" партиясынын эки талапкери тизмеден чыкты


Жогорку Кеңештин депутаттары Сагындык Келдибаев менен Арзыбек Карыбеков парламенттик шайлоого талапкер болуудан баш тартты.

Алар өздөрү жазган арыздын негизинде 5-ноябрда тизмеден чыгарылды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты.

Анын алдында Келдибаевде Орусиянын жарандыгы бар экени тууралуу маалыматты "Апрель" телеканалы кабарлаган. Боршайкомдун мүчөсү Абдыжапар Бекматов мурда анын жарандыгына байланышуу маселе жаралып, кийин иликтөөнүн алкагында чечилген болушу мүмкүндүгүн айтты.

Келдибаев Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышына "Республика - Ата Журт" партиясынан депутат болуп шайланган. Жетинчи чакырылышка "Ынтымак" партиясынын тизмесинде аттанган эле.

"Ынтымак" партиясынан жана Келдибаевдин өзүнөн тизмеден чыгуунун чоо-жайын жана орус жарандыгына байланыштуу маселени тактаганга азырынча мүмкүн болгон жок.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Бул ирет талапкерлер партиялык тизме жана бир мандаттуу округдардан ат салышууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG