Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:34

Бишкектеги соода борборлорунда электрдин үнөмдөлүшү текшерилүүдө


Бишкектеги соода борборлорунун бири.
Бишкектеги соода борборлорунун бири.

“Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ишканасы Бишкектеги соода борборлорунда электр энергиясын үнөмдөөгө байланыштуу рейд жүргүзүүдө. Адистер жарык уруксат берилген көлөмгө ылайык колдонулушун текшерип жатат.

Компаниянын маалыматына караганда, 4-ноябрда ЦУМ, ЦУМ-2 жана "Дордой Плаза" супермаркеттеринде рейд болду. Аталган соода борборлорун электр энергиясы менен камсыздаган “Электросила” ишканасынын өкүлдөрү жабдууларын көрсөтүштү. Ишкана кубаттуулуктун жана электр энергиясынын уруксат берилген көлөмүнөн ашпай турганы аныкталды. "Улуттук электр тармагы" электр энергиясын жылытуу үчүн колдонбоону сунуштады.

Быйыл Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгынан Кыргызстан соңку жылдардагы эң ири энергетикалык кризиске туш болду. Энергетиктер жылытуу мезгилинен кийин суу сактагычта 6-7 миллиард куб метр гана суу калып, Токтогул ГЭСинин ишинин токтоп калышына алып келиши мүмкүн деп чочулашууда.

5-ноябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээли 11,8 млрд. куб метрди түздү. Бул акыркы жылдардагы эң төмөнкү көрсөткүч. Бир жыл мурда ушул мезгилде 14,7 миллиард метр куб суу бар болчу.

Оор кырдаалдын алдын алуу үчүн Кыргызстан Казакстан менен Өзбекстандан алмашуу жолу менен электр энергиясын алат, Түркмөнстандан да импорттойт. Министрлер кабинети Орусиядан электр энергиясын алуу боюнча сүйлөшүүлөр болуп жатканын билдирген.

Улуттук энергохолдинг жарыкты мезгилдүү өчүрүү планы жоктугун билдирип, жарандардан электр энергиясын үнөмдөөнү суранган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG