Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:57

Саакашвили түрмөдөгү ооруканада зомбулук көргөнүн айтып чыкты


Михаил Саакашвилиге боштондук талап кылган митинг, Грузия. 8-ноябрь, 2021-жыл.
Михаил Саакашвилиге боштондук талап кылган митинг, Грузия. 8-ноябрь, 2021-жыл.

Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили 8-ноябрда которулган ооруканада күзөтчүлөр тарабынан кыйноого кабылганын билдирди. Саакашвили адвокаты аркылуу жазган катында сакчылар өзүн "тилдеп, мойнуна муштап, чачынан жерге сүйрөшкөнүн" жазган. Саакашвили өзүнүн абак ооруканасына которулушун "өлтүрүү максатында болду" деп эсептейт.

Жаза аткаруу кызматы 8-ноябрда билдиргендей, Саакашвили ден соолугуна байланыштуу Рустави шаарындагы абактан Глдани абагынын клиникасына которулган.

Саясатчынын адвокаты жана жеке дарыгери 53 жаштагы Саакашвилинин саламаттыгы күн сайын начарлап баратканын айтып, жеке ооруканага которууну талап кылышкан. Өкмөт бул талапты четке кагып, керек учурда ал түрмөнүн бейтапканасына которуларын билдирген.

Саакашвилинин тарапташтары жана анын Бириккен Улуттук Кыймыл (ЕНМ) партиясынын активисттери ал отурган түрмөнүн алдында нааразылык акциясын уюштурушту. 8-ноябрдагы митингде тарапташтары Саакашвилинин бошотулушун жана жарандык ооруканага которулушун талап кылышты.

8-ноябрда эртең менен Саакашвили ачкачылыгын аягына чейин улантарын айткан. Жаза аткаруу кызматы камактагы саясатчы белгисиз азыктарды жеп, бөтөлкөдөн бир нерсе жутуп жатканын чагылдырган видеону дем алыш күнү жарыялаган. Ошол эле күнү Саакашвили каршылык иретинде витаминдерди жана шире ичүүнү токторун билдирген.

Саакашвили 1-октябрда Грузияга кайтып келери менен камалган жана дароо ачкачылык жарыялаган. Мурдагы президенттин тарапташтары нааразылык акциясын уюштуруп, анын бошотулушун талап кылып келишет.

Грузиянын башында 2004-2013-жылдары турган Саакашвили 2013-жылы өлкөдөн чыгып кеткен. Кийин ал сегиз жылга эки башка иш боюнча эркинен ажыратылган. Мурдагы президент ага тагылган айыптардын баарынын саясий өңүтү бар экенин билдирип келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG