Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:39

БШК "Клооп" боюнча толук чечим чыга электигин билдирди


"Клооп Медианын" логотиби.
"Клооп Медианын" логотиби.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) "Клооп Медиа" коомдук фондуна шайлоого байкоо жүргүзүүгө уруксат берүү маселеси толук каралып бүтө элек. Бул маселе БШКнын жыйынында каралат.

Бул тууралуу Боршайкомдун мүчөсү Кайрат Маматов "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, "Клооп Медиа" боюнча буга чейин толук чечим чыккан эмес, жөн гана түшүндүрмө берилген.

"Клооп Медиа" каттоодон баш тартты деп маалымат таратып жатат. Бул туура эмес. БШК түшүндүрмө гана берген, каттоодон баш тарттык деген чечим жок. Биз муну карай элекпиз, аны карайбыз. "Клооп медиа" быйыл январь айынан бери иштеп баштап, тажрыйбасын баштаган. Алар дагы уставына шайлоого байкоо жүргүзөбүз деп эле өзгөртүү киргизип коюш керек. Байкоо процесси таза, ачык-айкын өтүшү үчүн БШК байкоочулар тууралуу жобого өзгөртүү киргизген. “Клооптун” юристтери бул нормадан кабары бар болчу", - деди Маматов.

Буга чейин "Клооп Медиа" коомдук фонду Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) шайлоого байкоо жүргүзүүгө уруксат бербей койгон чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен Бишкектин административдик сотуна кайрылган.

"Клооп Медианын" өкүлү Элвира Султанмурат кызы БШК жаңы шайлоо мыйзамдарына таянып, баш тартканын, буга чейинки төрт шайлоого байкоо жүргүзүп, чагылдырып, кетирилген кемчиликтерди жана мыйзам бузуулардын ар бирин акт менен бекитип берип келишкенин "Азаттыкка" билдирген болчу.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) "Клооп Медиа" коомдук фондуна байланыштуу маселени 5-ноябрдагы жыйынында карап, бирок "Клооп Медиага" 8-ноябрда кабарлаган. БШК жаңы шайлоо мыйзамдарына ылайык, агенттиктин уставында шайлоолорго байкоо жүргүзүү тууралуу жазылбаганын билдирген.

"Клооп Медиа" коомдук фонду шайлоонун алдында 1500дей байкоочуну окутуп, добуш берүү күнү шайлоо тилкелерине жайгаштырып келген.

Алар добуш берүүнүн жүрүшүнө көз салып, кетирилген кемчилик, бурмалоо, мыйзам бузууларды катташчу. Добуш берүү аяктаган соң, башка байкоочулар менен тең укукта добуштардын саналышына жана протоколдордун түзүлүшүнө көз салчу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG