Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:32

УКМК кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу экенин билдирди


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) 9-ноябрдын таңында кыргыз-тажик чек арасына жакын аймактагы Кыргызстандын жаранына таандык сарайдын өрттөнүшү боюнча маалымат берди. Расмий маалыматка караганда, таңкы саат 05:30дар чамасында Баткен районунун Дахма аймагында мамлекеттик чек арага жакын жайгашкан сарай күйүп кеткен. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери бир саатка жакын убакытта өрттү өчүргөн.

"Учурда кыргыз-тажик чек арасында кырдаал туруктуу", - деп жазылган УКМК тараткан маалыматта. Өрттүн келип чыгуу себептерин тийиштүү мекемелер териштире баштады.

Ушул тапта ошол аймакта жүргөн Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев сарайдын 120 чарчы метрдей жери күйгөнүн, аймакта кырдаал тынч экенин "Азаттыкка" ырастады.

Быйыл апрелдин соңунда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон. Үйлөр, социалдык объекттер өрттөлүп, талкаланып, жарактан чыккан.

Тажикстан 19 жараны көз жумганын билдирген. Эки өлкө тең бири-бирин айыптап, кылмыш иштерин козгошкон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG