Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:41

Аба ырайы: тоолордо кар жаайт


Синоптиктердин маалымдашынча, 10-ноябрда Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал.

Калган аймактарда жаан жаабайт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз 7…12;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 7…12;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…5, күндүз 11…16;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 7…12;

Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 3…8 градус жылуу болот.

10-ноябрда Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Абанын температурасы: түнкүсүн -1…+1° суук, күндүз 10…12°.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG