Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:12

Кыргыз-кытай чек арасынан жүк ташыган айдоочулар президентке кайрылды


Нарын-Торугарт жолундагы оор жүк тарткан автоунаалар. Иллюстрациялык сүрөт.
Нарын-Торугарт жолундагы оор жүк тарткан автоунаалар. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз-кытай чек арасынан жүк ташыган айдоочулар Бажы кызматынын чек арада санитардык зона түзгөн жаңы эрежесине каршы болуп, президент Садыр Жапаровго ачык кайрылуу жолдошту. Бул тууралуу "Сапарман" айдоочулар бирикмесинин төрагасы Максатбек Дүйшеев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, 8-ноябрда Торугарттан жүк ташыган 400гө чукул айдоочу Нарын обулусунун Кочкор районунда жыйынга чогулуп, жаңы эрежелерге нааразылыгын билдиришти.

"Бажы кызматы Кытайдан жүк ташуунун көбөйтөбүз деп Silk Way менен келишим түзүп, ортого алты чакырым жерге бир схеманы, санитардык зонаны киргизебиз деп жатат. Ал жерде 20 машине иштеп берсин, ал Кытайдан келаткан контейнерди жерге түшүрүп биздин кезекте турган машинелерге жүктөп берели дептир. Ал кызмат үчүн миң доллардан 1,5 миң долларга чейин акы алынат. Андан тышкары өкмөт жүктү көбөйтөбүз деген планы. Бирок Торугарт деңиз деңгээлинен 3800 метр бийиктикте турат, суук болот, машине бузулат. Вахтовый болуп иштеп бергиле деп жатат. Антип иштөө мүмкүн эмес ал жерде. Бул схема мамлекетке да, бизге да, жеке ишкерлерге залакасын тийгизчү схема болуп жатат. Кытай тарап ушундай сунуш киргизип, санитардык зона болуш керек дептир. Эми ошол Кытай тараптын кагазын көрсөткүлө десек, кагазды көрсөтпөй эле, бул бир күңүрт, түшүнүксүз, баш оорутма болууда", - деди Дүйшеев.

Максатбек Дүйшеевдин айтымында, бажы бекетинен күнүнө орточо 30 машина жүк ташылчу. Бул сан барган сайын көбөйүп, соңку убакта күнүнө элүүдөн кем эмес машина жүк ташылууда.

Бажы кызматынан бул боюнча маалымат алууга азырынча мүмкүн боло элек.

18-октябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" көзөмөл-өткөрүү бекетине барып, "Торугарттан" өткөн жүк ташуучу машинелер көбөйөрүн билдирген. Ал "Фантузи" контейнердик кранынын иши менен таанышып чыгып, мындан ары жүктөө "Арка" районунда эмес, "Торугарт" көзөмөл-өткөрүү пунктунда ишке ашырылаарын жана жүк ташуучу автоунаалардын саны көбөйтүлөрүн айткан эле.

27-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Жапаров: "Быйылкы план боюнча эгерде Кытай айткан алгоритмди жүзөгө ашырсак, унаалардын санын эки эсе көбөйтөбүз", - деген.

Мамлекеттик бажы кызматына жетекчи болуп Адилет Кубанычбеков 26-октябрда дайындалган. Жаңы орун басар болуп Эрик Ирискулбеков менен Азамат Абдыкалыков бекитилген.

Адилет Кубанычбеков буга чейин Silk Way индустриалдык паркынын жетекчиси болчу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG