Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:28

Польша Беларус менен чыгыш жактагы чек арасын жабат


Беларус-Польша чек арасы
Беларус-Польша чек арасы

Польшанын чек ара кызматы Беларус менен болгон чыгыш тарабындагы чек ара өткөрмө бекети 9-ноябрда жабыларын кабарлады. Мындай чечим Беларустун аймагындагы мигранттар чек арада тартылган зым тосмолорун кесип өтүүгө аракет жасашкандан соң кабыл алынган. Беларустагы мигранттар "Бружи-Кузница" өткөрмө бекетинин жанына лагер жайып алышкан. Бул окуя Евробиримдик миграция кризисинен чоочулап турган учурга туш келди.

Польшанын өкмөтү 8-ноябрда "Твиттерге" адамдар колунда бар буюм-тайымдары менен чек арадагы тосмолорду жарып өтүүгө аракет кылып жаткан видеосун жарыялаган. Өлкөнүн ички иштер министрлиги андай аракеттердин мизин кайтарганын билдирген. Польша өкмөтүнүн басма сөз катчысы Петр Мюллер 8-ноябрда Беларус менен чектешкен аймакта 3-4 миң мигрант топтолуп турганын, аларга дагы миңдегени келип кошулууга даяр турганын айткан эле.

“Польшанын чек арасындагы кырдаал келерки убакта курчуп, куралдуу кагылышуулар да орун алышы күтүлүүдө”, - деди Петр Мюллер. Ал Беларустун атайын кызматын чек араны бузуп кирүү аракеттерин уюштурганын айтып күнөөлөдү.

Польшага жакын жайгашкан аймакка мигранттар топтолуп жатканы бир нече айдан бери созулуп жаткан кризисти күчөтүүдө. Евробиримдик Беларустун президенти Александр Лукашенкону Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн чек арасына жакын жерлерге Ортоңку Чыгыштан жана Африкадан мигранттарды алып келип жатканын айыптап, аны оппозицияны куугунтуктаганы үчүн Минскиге салынган санкцияларга жооп катары кабыл алууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG