Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:57

Шайлоо-2021: БШКга мыйзам бузуулар боюнча 56 кайрылуу келип түштү


Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтындагы маалыматка караганда, шайлоо дайындалган күндөн тартып Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) мыйзам бузуулар боюнча 56 кайрылуу келип түштү.

Арыз-даттануулар арасында добуш сатып алууга аракет кылуу, мамлекеттик кызматкерлердин кайсы бир талапкерди сүрөмөлөгөнү, мектеп окуучуларын үгүт иштерине аралаштыруу сыяктуу кайрылуулар бар. Алардын арасында "Ата-Журт Кыргызстан" шайлоочулардан белек алып жатканы боюнча кайрылуу түшкөн.

Ушул эле партиянын үстүнөн медицина кызматкерлерине басым жасап, паспортунун сүрөтүн сурап жатканы боюнча арызданган.

"Бүтүн Кыргызстандын" өкүлү Артур Бакиров "Ата-Журт Кыргызстан" жана "Багыт" партияларынын үстүнөн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазды. Арыз берүүчү аталган партиялар шайлоочулар менен жолугушууда саясатчы Адахан Мадумаров тууралуу "жалган маалымат тараткан" деп билдирип, партияларга жазуу түрүндө эскертүү берүүнү өтүндү.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Жогорку Кеңеш эми 90 депутаттан куралат, беш жылдык мөөнөткө шайланат. 90 депутаттын 54ү партиялык тизмеден, 36сы бир мандаттуу аймактардан шайланып келет.

Шайлоодо ат салышуу үчүн 21 партия талапкер катталган. Бир мандаттуу округдардан 310дон ашуун талапкер ат салышууда.

XS
SM
MD
LG