Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:05

Орусияда коронавирустан каза тапкандардын саны рекорддук көрсөткүчкө жетти


Коронавирус жуктуруп алган бейтаптарды караган Москва шаарынын дарыгери.
Коронавирус жуктуруп алган бейтаптарды караган Москва шаарынын дарыгери.

Орусияда бир суткада COVID-19 вирусунан каза тапкандардын саны жаңы рекорддук көрсөткүчкө жети. Ал арада саламаттык сактоо кызматкерлери жаңы бейтаптарды жаткырып, дарылоого орундар жок кыйналып жатканын айтышууда.

Орусиянын коронавируска каршы кризистик борбору 9-ноябрда акыркы 24 саатта 1211 өлүм катталып, 39 610 жаңы учур аныкталганын билдирди.

Саламаттык сактоо министрлиги менен тыгыз иштешкен инфекционист Владимир Чуланов учурда коронавирус жуктурган бейтаптар үчүн 300 миң керебет даярдалганын айтып, буга чейинки пандемиянын туу чокусунда да мынча көп орунга муктаждык болбогонун ачыктады. Бир миллион бейтап азыр үйүнөн дарыланып жатканын да кошумчалады.

Жакында эле Орусия акы төлөнө турган жети күндүк эс алуу жарыялап, ишканаларда кызматкерлердин 30 пайызы үйдөн иштеши керек деген буйрук чыгарган.

Орусияда вакцина өндүрүлгөнү менен, ушул күнгө чейин өлкө калкынын үчтөн бири гана эмделген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG