Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:01

НАСА астронавттарды Айга кондурууну 2025-жылга жылдырды


Ракета жана Ай. Иллюстрациялык сүрөт
Ракета жана Ай. Иллюстрациялык сүрөт

АКШнын Аэронавтика жана космосту изилдөө боюнча улуттук башкармалыгы (НАСА) астронавттарды Айга кондурууну 2024-жылдан 2025-жылга жылдырды. Бул тууралуу Reuters агенттиги НАСАнын башчысы Билл Нелсонго шилтеме кылып кабарлады.

Нелсондун айтымында, адистер 2024-жылга чейин автронавттарды Айга кондурууга техникалык жактан жетишпейт.

"Мындан тышкары "Артемида" программасынын башка этаптары да жылдырылууда. Алсак, спутниктин экипажсыз Айды айлануусу 2021-жылдан 2022-жылдын жаз айларына жылса, экипаждын Orion кемеси менен Айды айлануусу 2023-жылдан 2024-жылга жылды", — деди Нелсон.

Ал мындай кадамдарга коронавирус пандемиясы, соттук териштирүүлөр себеп болгонун кошумчалады. Буга чейин Жефф Безоско таандык Blue Origin компаниясы Илон Масктын SpaceX компаниясына берилген Айга конуу модулун иштеп чыгуу келишими боюнча сотко кайрылган.

"Соттук териштирүүлөрдөн улам дээрлик жети ай убактыбызды жоготтук. Бул аралыкта миссияга даярдык көрүү иштеринин кыйласы бүтүп калмак", — деди Нелсон.

"Артемида" – АКШнын өкмөтү каржылаган Айга адамдарды жөнөтүү боюнча НАСАнын космостук программасы. Ага америкалык жеке компаниялар, Европанын космостук агенттиги, Жапония, Канада, Австралия, Улуу Британия, Италия, Бириккен Араб Эмираттары, Люксембург жана Украина катышат.

Буга чейин НАСА адамды Айга Кытайдан биринчи болуп кондуруу негизги максаты экенин бир нече жолу белгилеген. Өзүнүн космостук программасын активдүү өнүктүрүп жаткан Бээжин мурдараак Марстын бетине изилдөө аппараттарын кондуруп, Айга зонддорун жөнөткөн.

XS
SM
MD
LG