Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:49

Монополияга каршы агенттик: Кара май кескин кымбаттабайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кара май баасы кескин көтөрүлбөйт. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Кеңешбай Тайлаков Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди:

"Өткөн айга салыштырганда, АИ-92, дизелдик отун, билесиздер, социалдык жактан маанилүү товарлар тизмесине кирет, баалар туруктуу, кескин көтөрүлгөн жок. Бул рынокто да запастар бар, жетиштүү. 1-1,5 айга чейин запастарды кармашат. Биз ар бир райондо канча запас бар экенин тактап алдык. Ноябрь айынын аягына чейин иш-чаралар камтылган. Акыркы мезгилде Орусияда да баалар көтөрүлгөн. Ал боюнча да булар менен такташып алдык. Баа кескин көтөрүлбөйт. Ага жол бербейбиз. Көтөрүлсө да 8-10 сомго эмес".

Тайлаков кошумчалагандай, күйүүчү майдын эң жогорку баасы бүгүнкү күндө Чаткалда жана Баткенде болууда.

Кара май, көмүр кымбаттап, элге ыңгайсыздык жаралып жатканы тууралуу маселе 10-ноябрда парламентте көтөрүлгөн. Нефтетрейдерлер ассоциациясы күйүүчү-майлоочу май рыногундагы олку-солку абалга байланыштуу ноябрда бензин 9-10 сомго чейин кымбатташы мүмкүн деген жоромолун билдирген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG