Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:20

Сот Грузия бийлигин Саакашвилинин коопсуздугун камсыздоого чакырды


Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвилин сүрөтү. 29-октябрь, 2021-жыл.
Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвилин сүрөтү. 29-октябрь, 2021-жыл.

Адам укуктары боюнча Европа соту Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвилини ачкачылыкты токтотууга чакырды. Сот грузин бийлиги саясатчынын коопсуздугун камсыздап, ден соолугуна кам көрүш керек деген чечим чыгарды. Адам укуктары боюнча Европа соту мындай кадамга Саакашвилинин адвокаттарынын кайрылуусунан кийин барды.

Михаил Саакашвили учурда Глдани районундагы түрмөнүн ооруканасында. Ал 1-октябрда Грузияга кайтып келери менен кармалган. Бийлик ага "чек араны мыйзамыз өттү" деген айып тагууда. 2004-2013-жылдары Грузиянын башында турган Саакашвили сыртынан эки башка иш боюнча сегиз жылга эркинен ажыратылган. Саясатчы өзү тагылган айыптардын бардыгын четке кагып, анын саясий мүдөөсү бар экенин билдирип келет.

Ал кармалары менен ачкачылык жарыялаган. Анын тарапташтары жана адвокаттары Саакашвилинин саламаттыгы начарлап кеткенин айтып, жеке ооруканага которууну талап кылып келишет.

10-ноябрда өткөн сотко Саакашвили катыштырылган жок. Бул жолу анда 2007-жылкы "Имеди" телекомпаниясынын айланасындагы иш каралган. Таң эртеден баштап шаардык соттун жана өкмөт үйүнүн алдына чогулган Саакашвилинин элүү чакты тарапташы кармалды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG