Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:31

Президент Садыр Жапаров Стамбулга учуп кетти


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-ноябрда Түркияга иш сапар менен учуп кетти. Анын алкагында мамлекет башчысы Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине (ТМКК) мүчө-мамлекеттердин башчыларынын саммитинин "Жашыл технологиялар жана санариптик доордогу акылдуу шаарлар" деген темасындагы сегизинчи саммитине катышат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Саммит Стамбул шаарында өтөт. Жапаров Түркия, Азербайжан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Венгриянын лидерлери менен жолугушууларды өткөрүп, эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланары күтүлүүдө.

Иш-чарага катышчу кыргыз делегациясынын курамында тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев, Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев жана энергетика министри Доскул Бекмурзаев бар.

Садыр Жапаров 9-июнда Түркияга расмий иш сапары менен барып келген. Анда түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушуп, Түркия Кыргызстанга аскердик-техникалык жардам бере турганы маалым болгон.

XS
SM
MD
LG