Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:38

"Белавиа" Түркиядан Жакынкы Чыгыштын айрым жарандарын ташыбайт


"Белавианын" Boeing 737-800 учагы 28-май, 2021-жыл
"Белавианын" Boeing 737-800 учагы 28-май, 2021-жыл

12-ноябрдагы Беларустун мамлекеттик "Белавиа" авиакомпаниясы Ирактын, Сириянын жана Йемендин жарандарын Түркиядан Беларуска ташып келүүнү токтотконун жарыялады. Мындай чечим түрк бийлигинин талабы менен Беларус менен Европа Биримдигинин чек арасындагы миграциялык кризистен улам кабыл алынган.

Анын алдында Бириккен Улуттар Уюмунда Батыш өлкөлөрү Жакынкы Чыгыштан келген миңдеген киши Беларус менен Польшанын чек арасына камалып калганы үчүн беларус бийлигин айыптаган.

“Белавианын” расмий интернет сайты “Түрк бийлигинин чечимине ылайык, 2021-жылдын 12-ноябрынан тарта Ирактын, Сириянын, Йемендин жарандарын Түркиядан Беларуска учкан каттамдар менен ташыбайбыз” деп жазды.

Европа Биримдигинин лидерлери Минскини Жакынкы Чыгыштагы жана Африкадагы өлкөрлөрдүн жарандарын Польшанын, Литванын жана Латвиянын чек арасына топтоп, “гибриддик чабуул” уюштуруп жатат деп айыптаган.

Польшанын TVN24 телекомпаниясы өлкө бийлиги 11-ноябрдын түнүндө Беларус менен чек араны мигранттардын эки тобуна бузуп өтүүгө жол бербегенин кабарлады.

"Белавиа" компаниясына Европа Биримдигинин аба мейкиндигинен учууга тыюу салынган. Буга жыл башында беларус бийлигинин Ryanair авиакомпаниясынын эл аралык каттамын күчкө салып кондуруп, оппозициялык активисти кармаганы түрткү болгон.

"Белавиа" Арменияга, Грузияга, Азербайжанга, Казакстанга, Өзбекстанга, Иорданияга жана Бириккен Араб Эмирликтерине учат.

АКШ, Британия, Франция, Ирландия, Норвегия жана Албания Минскини “адамдардын өмүрүн тобокелге салып, беларус бийлигинин саясий кызыкчылыгы үчүн колдонуп жатканы” үчүн айыптаган. Евробиримдик Беларуска каршы жаңы санкцияларды саларын эскертүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG