Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:21

Орусия: Прокуратура "Мемориал" уюмун жабуу үчүн сотко кайрылды


Орусиядагы "Мемориал" укук коргоо борборунун кеңсесине жасалган чабуул. 14-октбярь, 2021-жыл.
Орусиядагы "Мемориал" укук коргоо борборунун кеңсесине жасалган чабуул. 14-октбярь, 2021-жыл.

Орусиянын Башкы прокуратурасы “Мемориал” укук коргоо уюмун жабуу өтүнүчү менен Жогорку сотко кайрылды. Прокуратуранын жүйөсүндө, буга уюмдун “чет элдик агенттер тууралуу” талаштуу мыйзамды бузганы түрткү болгон.

Эл аралык “Мемориал” укук коргоо уюму 2016-жылдын октябрь айында “чет элдик агенттердин” тизмесине киргизилген. Сот жараяны 25-ноябрга белгиленгенин 11-ноябрда уюм билдирди. “Мемориал” тараткан билдирүүгө ылайык, “чет элдик агенттер” тууралуу мыйзам көз карандысыз уюмдардын үнүн басканга багытталган жана аны жабууга эч кандай укуктук негиз жок.

Орусияда "Мемориал" кыймылы 1980-жылдардын аягында, "кайра куруу" маалында негизделген. 2018-жылы Орусиянын аймагында 60тай филиалы жана бөлүмү болгон. Алардын көбү 2014-жылдан кийин негизделген.

Алардын бардыгы адам укуктарын коргоо, мурдагы саясий куугунтуктоолорду документтештирүү менен алектенишет.

Орусияда "чет элдик агенттердин" тизмесине чет жактан каржыланып, саясий ишмердүүлүк менен алектенет жана аларга байланышы бар делген жарандар киргизилет.

"Чет элдик агенттер" жөнүндө мыйзамга ылайык, бул тизмеге кирген уюмдар менен адамдар атайын каттоодон өтүп, "чет элдик агент" экенин жазып туруусу керек. Эрежеге баш ийбегендерге айып пул салынат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG