Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

Кытай Компартиясы Си Цзиньпиндин бийлигин күчөттү


Кытай Коммунисттик партиясынын төрт күндүк жыйыны
Кытай Коммунисттик партиясынын төрт күндүк жыйыны

Кытай Коммунисттик партиясы төрага Си Цзиньпиндин макамын жогорулаткан резолюцияны жактырды. Эксперттердин баамында мындай кадам анын беделин дагы күчөтүп, эмки жылкы шайлоодо бийлигин үчүнчү мөөнөткө узартуу ыктымалдуулугун жогорулатат.

Компартия төрт күндүк жыйынынын соңунда Си Цзиньпинди Кытайдын тарыхый ишмерлери Мао Цзэдун жана Дэн Сяопинге теңеген документти жактырды. Расмий документте Кытайдын учурдагы лидери "эң башкы новатор" деп аталат.

68 жаштагы Си Цзиньпин азырынча өз мураскерин атай элек. Ошондуктан ал бери дегенде 2027-жылга чейин бийликте болоору күтүлүүдө. Буга Кытайдын Конституциясы да жол берет. Анткени 2018-жылы киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Коммунисттик партиянын Борбордук комитетинин баш катчысынын башкаруу мөөнөтү чектелбейт.

Цзиньпин Кытайды 2012-жылдан бери башкарып келет. Андан бери Шинжаңда, Тибетте жана Гонконгдо саясий, диний жана этностук мүнөздөгү куугунтук менен репрессия күчөгөнү белгилүү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG