Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:25

Авиакомпаниялар Минскиге учкан каттамдарын чектеп жатат


Минск аэропортундагы учуп-конуунун жадыбалы
Минск аэропортундагы учуп-конуунун жадыбалы

Бир катар авиакомпаниялар Түркиядан Минскиге учкан каттамдарын чектемей болду. Алар мындай кадамга Евробиримдик менен Беларустун чек арасына агылган Жакынкы Чыгыштын жарандарын чектөө үчүн барып жатышат. Миңдеген киши суукта чек арада тышта турат, гумантардык уюмдар кризис жаралышы мүмкүн экенин эскертүүдө.

12-ноябрдагы Беларустун мамлекеттик "Белавиа" авиакомпаниясы Ирактын, Сириянын жана Йемендин жарандарын Түркиядан Беларуска ташып келүүнү токтотконун жарыялады. Мындай чечим түрк бийлигинин талабы менен Беларус менен Европа Биримдигинин чек арасындагы миграциялык кризистен улам кабыл алынган.

Анын алдында Бириккен Улуттар Уюмунда Батыш өлкөлөрү Жакынкы Чыгыштан келген миңдеген киши Беларус менен Польшанын чек арасына топтолуп калганы үчүн беларус бийлигин айыптаган. Евробиримдик авторитардык лидер Лукашенконун бийлигине буга чейин Брюсселдин салган санкциясына ушундай жооп берип жатат деп санайт.

Еврокомиссиянын басма сөз катчысы авиакомпанияларга киргизилген чектөө “жемишин бере баштаганын” айтты. Минскиге учкан үч авиакомпания каттамдарын чектеп жана бир тарапка гана билет сатууну токтотту. Ага чейин беларус бийлиги 100дөй мигрант Польша менен чек арадагы адамдар өздөрү жасап алган лагерге баштанганын билдирген. Беларустагы бейөкмөт уюм Ирак менен Сириядан келген үч мигрант чек арага жакын жерден тонолгонун маалымдады.

АКШ, Британия, Франция, Ирландия, Норвегия жана Албания Минскини “адамдардын өмүрүн тобокелге салып, беларус бийлигинин саясий кызыкчылыгына колдонуп жатканы” үчүн айыптаган. Евробиримдик Беларуска каршы жаңы санкцияларды саларын эскертүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG