Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:13

Алматыда өспүрүмдөр жана кош бойлуулар Рfizer менен эмделе баштады


Казакстандагы эмдөө жүргүзүлгөн жерлердин бири.
Казакстандагы эмдөө жүргүзүлгөн жерлердин бири.

Алматыда жашы 12ден жогору курактагылар жана кош бойлуулар, бала эмизген аялдар коронавируска каршы Pfizer вакцинасы менен эмделе баштады. Дарыгерлер студенттерге жана кош бойлуу аялдар эмдөөгө чакырылганын айтышты. "Азаттыктын" казак кызматынын кабарчысы бир нече саттын ичинде эки бала эмизген аял жана 15-17 жаштагы төрт өспүрүм вакцина сайдырганына күбө болгон.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коңшу өлкөгө Pfizer вакцинасынан төрт миллион доза бөлгөн. Саламаттык сактоо министрлиги биринчи кезекте бул препарат менен кош бойлуулар, бала эмизген энелер жана өспүрүмдөр эмделерин билдирген.

Америкалык Pfizer жана немистердин BioNTech компаниялары чыгарган вакцинаны сатып алууга бюджеттен канча акча бөлүнгөнүн министрлик келишимдин шартына шылтап, ачык айтуудан баш тартты.

Буга чейин казак бийлиги Карагандыда өндүрүлгөн орустардын "Спутник V" вакцинасынын эки дозасы 26 доллар экенин билдирген.

Казакстанда толук эмделгендер калктын 41,3% гана түзөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG