Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:23

Коронавирустан үч бейтап каза болуп, 70 учур жаңы катталды


13-ноябрда Кыргызстанда коронавирустан дагы үч бейтап кайтыш болду. Үчөө тең вакцина албагандар экенин Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб кабарлады.

Ушуну менен өлкөдө коронавирус жугуп, кайтыш болгондордун расмий саны 2702ге жетти. Акыркы бир суткада 70 киши инфекцияны жугузуп алганы аныкталды. Оору жуктургандардын көбү Бишкек шаары менен Чүй облусунда. Ош шаары менен Жалал-Абад облусунда ооруну жуктуруп алгандар катталган эмес.

  • Бишкек - 24
  • Ош шаары - 0
  • Ош облусу - 11
  • Чүй облусу – 19
  • Талас облусу - 2
  • Ысык-Көл облусу – 9
  • Жалал-Абад облусу –0
  • Баткен облусу - 5

Былтыркы жылдын март айынан бери Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 182 267 адамга жетти.

Ушул тапта ооруканада 544 адам, 762 бейтап үйдөн дарыланып жатат. Бир суткада 105 киши айыгып чыкты.

Коронавирус инфекциясына каршы 1 миллион 34 миңден ашуун адам вакцинанын биринчи дозасын, 832 миңден ашууну эки дозаны сайдырышты. Эмдөө бир адамга эки дозада сайылат, аралыгы 21 күн болууга тийиш.

Ушул тушта жашы 18ден өткөн жарандарга Sinopharm, Pfizer/BioNTech, Astra Zeneca, KazVac препараттары акысыз сайылууда. Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги коронавирус инфекциясына каршы Орусиянын "Спутник Лайт" вакцинасынын 200 миң дозасы бүгүн, 12-ноябрда Бишкекке келе турганын билдирген.

Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көбүрөөк экенин айтып келишет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG