Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:24

COP-26: Кыргызстандын жаштарынын атынан жалгыз делегат катышты


Омар Дайыров.
Омар Дайыров.

Глазгодо өз ишин аяктаган Бириккен Улуттар Уюмунун климаттык өзгөрүүгө байланыштуу тараптардын 26-саммитине Кыргызстандагы жаштардын атынан студенттеринин жашыл экономика үчүн коомдук бирикмесинин директору Омар Дайыров жалгыз өзү катышты.

Ал саммиттеги жаштардын кайрылууларына арналган 5-ноябрдагы иш- чарасына катыша албай калганын “Азаттык” радиосуна билдирди.

“Британияга виза ачуу процесси узакка созулуп кеткендиктен, саммит бүтөрүнө үч күн калганда гана Глазгого келдим. Кыргызстандын жаштарынын дүйнө климатынын өзгөрүүсүнө карата позициясы айтылбай калды”, - деди Дайыров.

Шотландияда 1-ноябрда башталган саммитке Кыргызстандан барган расмий делегация ишин 11-ноябрда жыйынтыктап, өлкөгө учуп кетишти. 12-ноябрда COP-26 саммити жыйынтыкталды. Кийинки жыйын 2022-жылы Грецияда өтмөй болду. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG