Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:45

УКМК уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармады


УКМК тараткан сүрөт.
УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) опузалап ири өлчөмдө акча талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармады. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз кызматы кабарлады.

Уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү “З.Б” аттуу жаран “С.А” аттуу жарандан 2 млн. сом акча каражатын опузалап талап кылып, акчаны алып жаткан жеринен кармалган.

Кармалган кылмыштуу топтун өкүлү УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылып жүрүп жатат.

Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, өлкөдө уюшкан кылмыштуу топторго катуу көзөмөл жүрүп жатканын, алар баш көтөрө албай турганын айткан.

2020-жылы 22-октябрда атайын кызмат "мыйзамдагы ууру" атыккан Камчыбек Көлбаевди (Камчыбек Асанбек) уюшкан кылмыштуу топторду аныктоо жана аларга бөгөт коюу ишинин алкагында кармаган.

№47 колонияда кармалып турган Көлбаев эч жакка чыкпоо тууралуу тил каты менен 2-мартта абактан бошотулган. УКМК Көлбаев мамлекетке 50 млн. сом төгүп чыкканын маалымдаган.

Беш жылга эркинен ажыратылган “Дөө Чыңгыз” деген каймана аты бар дагы бир кылмыш дүйнөсүнүн таасирдүү өкүлү Чыңгыз Жумагулов эки жылдан кийин ушул жылдын 10-июлунда абактан чыккан. Жаза аткаруу кызматы ал жаза мөөнөтүн өтөп бүткөнү үчүн эркиндикке чыкканын билдирген. (МТа)

XS
SM
MD
LG