Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:35

Бишкекте Тилек Мураталиевдин элесине арналган бильярд боюнча турнир өтүп жатат


Бишкекте “Турар” басмаканасын негиздеген Тилек Мураталиевдин жаркын элесине арналган бильярд боюнча экинчи эл аралык турнир өтүп жатат. Бул тууралуу мелдештин башкы калысы, спорт журналисти Кабыл Макеш билдирди.

Турнирге Кыргызстан менен Казакстандан 24 бильярд чебери катышууда.

Тилек Мураталиев 1960-жылы Кочкордо туулган. 2020-жылы инфарктан улам көз жумган.

Мураталиев 2016-жылы кыргыз маданиятына кошкон салымы үчүн «Даңк» медалы менен сыйланган.

Маркум көзү тирүү кезинде кыргыз акын-жазуучуларына колдоо көрсөтүп, алардын китептерин чыгарып келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG