Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:46

Москва районунда курал-жарак сакталган жер табылды


УКМК тараткан сүрөт.
УКМК тараткан сүрөт.

Чүй облусунун Москва районунун аймагында курал-жарак сакталган жер табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) кабарлады.

Маалыматка ылайык ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында Москва районунун аймагынан QSZ-92 үлгүсүндөгү эки даана магазини бар тапанча, бир нече гильза, тротил таякчасы, эки детонатор жана колго жасалган жарылуучу зат сакталган жер табылды.

Алдын ала маалымат боюнча, алынган курал-жарак, ок-дары жана жардыргыч заттар өзгөчө оор кылмыштарды жасоо үчүн даярдалганы аныкталган.

Азыркы учурда алынган буюмдардын кайдан келгенин жана бул жашыруун жайды уюштурган адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

УКМК ок атуучу куралдарды, ошондой эле ок-дарыларды, жардыргыч заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, сатуу, сактоо, ташуу же алып жүрүү мыйзам чегинде жоопко тартыларын эскертет.

Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жардыргыч заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү укук коргоо органдарына өз ыктыяры менен тапшырган адамдар кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG