Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:01

"Шамбала" тасмасынын режиссеру Түркияда эң мыкты номинациясын жеңди


12-ноябрда Түркиянын Стамбул шаарында өткөн "Коркут ата - Tүрк дүйнөсү" эл аралык фильм фестивалында Кыргыз Эл артисти жана режиссёр Артыкпай Сүйүндүковго "Мыкты режиссура" номинациясында сыйлык ыйгарылды.

Сүйүндүков тарткан "Шамбала" тасмасы фестивалдын толук метраждуу фильмдер номинациясында ат салышкан. Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" повестинин негизинде жаралган бир жарым сааттык "Шамбала" тасмасы Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" студиясында 2020-жылы тартылып бүткөн. Фильмдин дүйнөлүк премьерасы ошол жылдын июль айында Кытайдын Шанхай шаарындагы фестивалда болгон.

Ал эми "Коркут ата - Tүрк дүйнөсү" фильм фестивалынын жана Kыргыз кинематографиясынын 80 жылдыгынын алкагында Түркиянын Стамбул шаарында 10-12-ноябрда залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган фильмдер көрсөтүлдү.

Стамбул шаарында алгачкы ирет уюштурулган фильм фестивал Түркиянын Маданият министрлигинин колдоосу менен өттү. Ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Азербайжан сыяктуу түрк тилдүү мамлекеттерден барган кинемотаграфия тармагындагы белгилүү инсандар катышты.

"Шамбала" тасмасы 2-11-ноябрь күндөрү Лос-Анжелесте өткөн эл аралык Азия кинофестивалында да (Asian World Film Festival) “Ак илбирс” көрүүчүлөрдүн сыйлыгын жеңген. Тасма доктор Тао менен доктор Линдин 10 миң доллар акчалай сыйлыгына ээ болгон. (ElB)

XS
SM
MD
LG