Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:09

Депутат Дастан Бекешев УКМКда сурак берип жатат


Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Бишкек шаардык башкармалыгында сурак берип жатканын социалдык тармактагы баракчаларына жазды. Ал "УКМК ага каршы кылмыш ишин ачканы жатканын, бирок анын үстүнөн бир да арыз даттануу түшпөгөнүн" билдирди.

Атайын кызматтын Бишкек шаардык башкармалыгынын алдында турган укук коргоочу Азиза Абдирасулова Дастан Бекешевдин суракка алынышы тууралуу буларды айтты.

"Бул жерде эки адвокат турат. Бирок имараттын ичине эч кимди киргизбей жатат. Андан тышкары дагы 30-40тай киши чогулуп турабыз", – деди укук коргоочу.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет депутат кайсы иш боюнча, эмнеге суракка алынып жатканы тууралуу маалымат бере элек. “Азаттык” мекеменин басма сөз кызматына бул маселе боюнча кайрылды.

Дастан Бекешев Бишкектеги №28 Октябрь райондук округунан парламенттик шайлоого талапкерлигин койгон.

Ал 5-ноябрда Аскер прокуратурасына суракка чакырылып күбө катары тергөөчүнүн суроолоруна жооп берип чыккан. Бирок купуялуулукту сактоо боюнча кол коюп бергендиктен, сурактын чоо-жайын ачыкка чыгарган эмес. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG