Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:51

Меркел менен Лукашенко миграция кризисин талкуулады


Беларус лидери Александр Лукашенко жана Германиянын канцлери Ангела Меркел. Минск, 12-февраль, 2015-жыл.
Беларус лидери Александр Лукашенко жана Германиянын канцлери Ангела Меркел. Минск, 12-февраль, 2015-жыл.

Германиянын канцлери Ангела Меркел менен Беларустун лидери Александр Лукашенко 17-ноябрда дагы бир жолу телефондон сүйлөшүп, Беларус-Польша чек арасындагы миграция кризисин талкуулашты.

Сүйлөшүү тууралуу алгачкылардан болуп Беларустун “БелТА” маалымат агенттиги жазып чыкты, бирок анын мазмуну белгисиз.

Меркел Лукашенко менен 15-ноябрда да телефондон сүйлөшүп, чек арадагы миңдеген мигранттарга жана качкындарга гуманитардык жардам көрсөтүү маселесин талкуулаган.

Евробиримдик Польша менен Беларустун чек арасындагы мигранттарга жардам катары 700 миң евро бөлүп берерин бүгүн, 17-ноябрда билдирди. Мындай билдирүүнү Европа комиссиясы расмий сайтына жарыялады.

Акчанын 200 миң евросу Кызыл жарым ай жана Кызыл чырым эл аралык уюмдарынын Беларустагы өкүлчүлүктөрүнө бөлүнүп, мигранттарга гуманитардык жардам көрсөтүү, тамак-аш жана дары-дармек алууга жумшалат.

Калган 500 миң еврону Европа комиссиясы мигранттарга башка эл аралык гуманитардык уюмдар аркылуу бөлүп берет.

Жакынкы Чыгыштан ташылып келинген мигранттар Беларустун аймагы аркылуу Европага кирүүгө далалат жасап жатат. Буга өбөлгө түздү деп Евробиримдик Минскини айыптоодо.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG