Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:03

Pfizer коронавируска каршы таблеткаларды өндүрөт


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Америкалык Pfizer фармацевтикалык компаниясы БУУ колдогон уюм менен келишим түзүп, коронавируска каршы жакыр өлкөлөр үчүн жасалган, вакцинага салыштырмалуу баасы арзаныраак таблетканы чыгара баштайт.

Pfizer компаниясы билдиргендей, келишим дүйнө калкынын жарымы жашаган кирешеси төмөн болгон 95 өлкөнү камтыйт.

Фарм-гигант дарыны өндүрүү лицензиясын Медициналык патенттик пулга (MPP) да берерин айтып, анын баасын арзандатуу максатында кирешесинен акча талап кылбастыгын билдирди.

Ушул айдын башында Pfizer вирус жуктуруп, таблетка ичкен кишилердин 89% ооруканага жаткырылбай аман калганын жарыялаган. Келишимдин ишке ашырылышы текшерүүлөрдүн жана сыноолордун жыйынтыгын жактырган регулятордук органдардан да көз каранды.

“Бул дарыга лицензия алуу өтө маанилүү. Себеби, аны колдонууга уруксат берилсе, кирешеси төмөн болгон өлкөлөр пандемия менен күрөшүүгө багытталган глобалдык аракетке салым кошуп, адамдардын өмүрлөрүн сактап калууда маанилүү ролду ойнойт,” – деди Медициналык патенттик пулдун өкүлү Чарльз Гор.

Pfizer коронавируска каршы вакцинаны Германиянын BioNTech компаниясы менен биргеликте чыгарат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG