Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:56

Ирактык жүздөгөн мигрант Беларустан мекенине кайтканы кабарланды


Беларус-Польша чек арасындагы мигранттар. 18-ноябрь, 2021-жыл
Беларус-Польша чек арасындагы мигранттар. 18-ноябрь, 2021-жыл

Евробиримдиктин аймагына өтүү максаты менен Беларуска барган ирактык жүздөгөн мигрант бейшембиде мекенине кетчү рейстерге катталды. Бул тууралуу Ирактын тышкы иштер министрлигине таянып "Рейтер "агенттиги маалымдады. Мекеме белгилегендей, негизинен ирактык күрддөрдөн турган топ Эрбиль шаарына бет алган каттамга билет алышкан. Андан ары учак Багдадга жөнөмөкчү. Беларустун оппозициялык "Хартия 97" сайтынын маалыматына ылайык, 18-ноябрда Иракка 430 мигрант кайтарылды. Маалымат Ирак тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Ахмед Ал -Саххафтан алынганы айтылат.

Беларустун батыш чек арасында топтолуп турган 4 миң чакты мигранттын көбүн ирактыктар түзөт. Алар Литва, Латвия жана Польшага өтүүгө аракеттенишүүдө. Кырдаал 8-ноябрдан кийин кескин курчуган.

Еврошаркет мигранттарды биримдиктин чек арасына ташуу ишине Минск бийлигинин жана беларус күч түзүмдөрүнүн тиешеси бар деп айтып келатат. Мындай аракетти “гибриддик согуш” деп атоодо. Мигранттар Минскиге мамлекеттик туристтик компаниянын жардамы менен жеткирилип, аскерлер аларды чек арага өздөрү коштоп барышат.

Беларус бийлиги айыптоолорду четке кагып, мигранттарды үйлөрүнө кайтууга көндүрүү ишин жүргүзгөнүн айтып жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG