Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:32

БШК автоматтык эсептөөчү урналарды сыноодон өткөрдү


Сыноо учурунда тартылган сүрөт.
Сыноо учурунда тартылган сүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) парламенттик шайлоодо бюллетендерди жана добуштарды автоматтык эсептөөчү урналарды сыноодон өткөрдү.

Боршайкомдун адистери 18-ноябрда журналисттерге жана байкоочуларга добуш берүү жана саноо жараянын көрсөтүп беришти.

Чүйдүн Новопокровка айыл өкмөтүндөгү 7410 шайлоо тилкесинде уюштурулган иш-чарага 31 адам шайлоочу катары катышты. Ушундай эле сыноо эми Ош облусунун Кара-Суу районунда уюштурулмакчы.

Кыргызстанда автоматтык эсептөөчү урналар 2015-жылдан бери колдонулат. Кезектеги шайлоо аралаш системада өтүп жаткандыктан, ошого жараша программа орнотулду.

Урна добуш саноо учурунда кайсы партия канча добуш алганы жана партия тизмесиндеги кайсы талапкерге канча добуш берилгенин аныктаган дүмүрчөк чыгарат. Бир мандаттуу округдар боюнча ким канча добушка ээ болгонун көрсөткөн өзүнчө дүмүрчөк чыгарат.

Жогорку Кеңешке шайлоо 28-ноябрда өтөт. Анда аралаш система менен парламенттеги 90 орунга 54 депутат партиялар аркылуу, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG