Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:41

16 жашка толгондорго Pfizer–BioNTech вакцинасын алууга уруксат берилди


Кыргызстанда 16 жашка толгондорго коронавируска каршы Pfizer–BioNTech вакцинасын алууга уруксат берилди. Аталган препараттын кошумча дозалары алынып келингенде 12 жаштан баштап алса болот. Буга чейин 18ден өткөндөргө гана сайылчу.

Адистердин далилдүү сунуштарынын негизинде Саламаттык сактоо министрлиги ушундай чечим кабыл алганын 18-ноябрда расмий маалымдады.

Эмдөө биринчи кезекте COVID-19 инфекциясынын оор жана өлүмгө дуушар кылуу коркунучу жогору өспүрүмдөргө, кошумча дарты бар улан-кыздарга сайылат.

Кыргызстанда коомдук иммунитет калыптанышы үчүн 2,5 миллиондой киши, тагыраагы жашы 18ден өткөндөрдүн 70% толук эмделиши зарылдыгы айтылган.

Өлкөдө вакцинанын алты түрү акысыз сайылат. Эмдөө көрсөткүчү 18-ноябрга карата кырк пайыздын тегерегинде болууда.

2020-жылдын март айынан бери өлкөдө коронавирус менен расмий катталгандардын саны 183 миңге жакындап калды, алардын 2700дөн көбү каза болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG