Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:11

Коронавируска каршы эки дозада эмделгендер 40% жакындап калды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коронавируска каршы вакцина ала турган жарандардын 37% эки дозаны сайдырышты. Бир эле дозаны алгандардын көрсөткүчү 47% болгонун 18-ноябрда Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова "Азаттыкка" билдирди.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, эмделгендер 1 миллион 895 миңге жакындады. Анын миллиондон ашууну биринчи дозаны, калганы эки дозаны тең сайдырышты. Вакцина бир адамга эки жолу берилет, аралыгы үч жума болууга тийиш.

Адистер коомдук иммунитет калыптанышы үчүн 2,5 миллиондой киши, тагыраагы 18 жаштан жогорку жарандардын 70% толук эмделиши зарылдыгын айтышат.

Каалоочулар Sinopharm, Pfizer/BioNTech, Astra Zeneca, KazVac, Sputnik Light препараттарын акысыз алат. Саламаттык сактоо министрлиги Sputnik-V вакцинасы түгөнгөнүн маалымдаган.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргызстан коронавируска каршы эмдөө боюнча КМШ өлкөлөрүнүн ичинде артта калып жатканын 11-ноябрда айткан.

2020-жылдын март айынан бери өлкөдө коронавирус менен расмий катталгандардын саны 183 миңге жакындап калды, алардын 2700дөн көбү каза болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG