Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:37

Равшан Жээнбековдун атаандаштары анын укугун коргоп чыгышты


Равшан Жээнбеков БШКга арыз тапшыруу үчүн жеткирилген учуру. Архивдик сүрөт.
Равшан Жээнбеков БШКга арыз тапшыруу үчүн жеткирилген учуру. Архивдик сүрөт.

Парламенттик шайлоого абактагы оппозиционер саясатчы Равшан Жээнбеков менен бир округдан катталган талапкерлер анын таламын талашып Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) кайрылышты.

18-ноябрда жарыяланган кайрылууга жети талапкер кол койду, алар Боршайкомдон Жээнбековдун шайлануу укугун камсыз кылууну жана башкалар менен бирдей шартта үгүт жүргүзүүсүнө шарт түзүп берүүнү суранышты.

Кайрылууга кол койгон талапкерлер Боршайкомду “эч аракет көрбөй жатат” деп айыпташты жана шайлоо мыйзамы одоно бузулуп жатканына нааразылыгын билдиришти.

Равшан Жээнбеков 2019-жылы Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, камакка алынган. “Жарандык көзөмөл комитети” уюму аны саясий туткун деп тааныган. Былтыр парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык учурунда бошотулган, бирок кийин "үй камагынын талаптарын бузду" деген негизде быйыл 5-августта кайра №1 тергөө абагына камакка алынган.

Жээнбеков өзүнө коюлган айыпты саясий куугунтук деп атап келет.

Жогорку Кеңешке шайлоо 28-ноябрда өтөт, 27-октябрда ал талапкер болуп катталган, бирок үгүт жүргүзүү үчүн абактан бошотула элек. Тарапкерлеринин жана жактоочуларынын аны бошотуу тууралуу аракеттеринен майнап чыга элек.(RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG