Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:48

Өзбекстан аркылуу Беларуска учууга айрым өлкөлөрдүн жарандарына тыюу салынды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

17-ноябрдан баштап Өзбекстан аркылуу Беларуска учууга айрым өлкөлөрдүн жарандарына убактылуу тыюу салынды. "РИА Новости" агенттиги "Узавиация" ишканасынын өкүлүнө таянып билдиргендей, Ирак, Сирия, Йемен, Ливан, Ливия жана Ооганстандын жарандары Өзбекстан аркылуу Беларуска уча албайт. Мунун себеби так көрсөтүлгөн эмес.

Евробиримдиктин бийликтери Беларустун коопсуздук күчтөрү жана Александр Лукашенконун жакындары чет элдик мигранттарды Евробиримдиктин чек араларына жеткирүүгө түздөн-түз тиешеси бар деп жарыялап, муну Беларустун Евробиримдикке каршы “гибриддик согушунун” бир бөлүгү деп эсептейт.

Маалыматтарга караганда, мигранттар Минскиге мамлекеттик туристтик компаниянын жардамы менен алынып келинет, алар чек арага коопсуздук кызматкерлеринин коштоосунда жеткирилет.

Буга чейин Беларустун "Белавиа" компаниясы Түркия аркылуу Беларуска келаткан Ирак, Сирия жана Йемен жарандарын ташууну токтоткон. Андан мурун түркиялык Turkish Airlines компаниясы да ушундай чечим кабыл алган.

Ирак бийликтери Минск менен түз аба каттамдарын токтоткон жана Беларустун Багдаддагы ардактуу консулуна иштеши үчүн берилген уруксатты жокко чыгарган.

Беларус-Польша чек арасындагы кырдаал курчуп кеткенден кийин Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен 8-ноябрда Минскиге мигранттарды жеткирүүгө катышкан үчүнчү өлкөлөрдүн авиакомпанияларына каршы санкция киргизүү маселесин кароону убада кылган эле.

15-ноябрда Евробиримдиктин Кеңеши Беларус бийлигине каршы жаңы санкцияларды киргизүү критерийлерин кеңейтти.

XS
SM
MD
LG